Украинанын президенти Владимир Зеленский украин аскерлери Орусиянын Волгоград шаарындагы "Титан-Баррикады" заводуна FP-5 Flamingo ракеталары менен сокку урганын 27-июнда билдирди.Ал чабуул артиллериялык системаларды жана атайын аскердик жабдууларды, тактап айтканда, "ракета учуруучу түзүлүштөрдүн компоненттерин" чыгарган "ири өнөр жай комплексине" багытталганын билдирди."Заводдун аймагына сокку урулуп, андан кийин өрт чыкты", - деп жазды...