```html




















Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарында Кыргызстандын премьер-министри Адылбек Касымалиев Шамалды-Сай шаарындагы борбордук стадионду ачты. Иш-чарада ал «Шамалды-Сай» футбол клубунун тарбиялануучулары менен жолугушуп, жаңы клубду колдоо жана анын өнүгүшү үчүн 1 миллион сомдук сертификат тапшырды. Стадион команда үчүн машыгуулар жана матчтар өткөрүүчү негизги аянтча болуп калат.

1961-жылы курулган спорттук объект көп убакыт бою региондогу спорттук иш-чаралардын борбору болуп келген. Стадионду реконструкциялоо 2023-жылдын декабрь айында башталган. Эми 1,79 гектар аянтка ээ комплекс 1335 көрүүчүнү кабыл ала алат жана заманбап футбол талаасы, ошондой эле баскетбол жана волейбол аянтчалары, жүгүрүү жолдору жана спортчулар менен көрүүчүлөр үчүн зарыл инфраструктураны сунуштайт.