Ош шаарында Жедел медициналык жардам борборунун жаңы имаратынын курулушу башталды, бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Бул долбоор шаар тургунунун президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусундагы кайрылуусунан кийин башталган.
26-июнда курулуш министри Нурдан Орунтаев жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев курулуш башталган жерди зыярат кылышты. Ведомстводо учурдагы борбор имараты 1932-жылы курулгандыктан авариялык абалда экенин жана заманбап стандарттарга жооп бербестигин белгилешти.