Кыргызстан менен Ооганстандын ортосунда Ишкердик кеңеш түзүлдү. Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына караганда, Ишкердик кеңеш эки өлкө ишкерлеринин Бишкекте өткөн бизнес-форумунан кийин түзүлүп, ага Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана Ооганстандын Соода жана инвестиция палатасынын төрагасы Сайед Мохаммад Карим Хашеми кол коюшту."Түзүлгөн Ишкердик кеңеш мындан ары бизнес өкүлдөрүнүн түз диалогу, бизнес-миссияларды уюштуруу жана ири экономикалык...