1-июлдан тартып Россияга визасыз кире турган бардык чет өлкөлүк жарандар "Госуслуги RuID" тиркемесин колдонууга милдеттүү болот. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Мамлекеттик думанын көзөмөл боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Дмитрий Гусев ("Справедливая Россия" партиясы) билдиргенин жазды.