Талас районунун Чоң-Токой айылында Талас дарыясына агып кеткен Т.у.Б. аттуу өспүрүмдү издөө учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу каза болду. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев бүгүн, 27-июнда билдирди."Атайын Бишкектен ӨКМ жөнөткөн куткаруучулардын бири да сууга чөгүп кетип каза болду", - деди облус башчысы.Ал Байэл аттуу баланы издөө иштери токтобой турганын, бирок атайын даярдыктагы куткаруучулар, чек арачылар, милиция...