Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) АКШнын соккуларына жооп кылып ракеталар менен учкучсуз аппараттарды колдонуп, Американын Кувейт менен Бахрейндеги аскердик объектилерине операция жасады. Бул тууралуу ирандын Tasnim агенттигине таянып Reuters жазды. Маалыматка ылайык, КСИР бул аракет АКШнын Ирандын жээктеги беш постуна жакында жасаган соккуларына жооп экендигин билдирген. Соккулардын бутасы Кувейттеги АКШнын авиабазасы жана Бахрейндеги америкалык деңиз күчтөрүнүн базасы болгон.Буга чейин АКШ Ирандын жээктеги аскердик беш постуна сокку урган. Иран ок атышууну токтотуу режимин бузуу Иран менен АКШнын ортосундагы меморандумга каршы келерин жана дипломатиялык процесстин толугу менен токтоп калышына алып келиши мүмкүн экенин эскерткен. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун деңиз күчтөрү алдыдагы күндөрдө Американын Жакынкы Чыгыштагы базаларын "тозок" күтүп турарын да билдиришкен.Мурдараак АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ормуз кысыгынын аймагындагы жана ага жакын жерлердеги 10 бутага сокку урулганын билдирген. Вашингтон бул операция Панама желегин илип алып сүзүп жүргөн танкердин жасашы мүмкүн болгон кол салуусуна жооп болгонун түшүндүргөн. АКШ президенти Дональд Трамп бул соккуларды ок атышууну токтотуу боюнча келишимдин дагы бир жолу бузулушуна жооп деп сыпаттаган. Анын айтымында, Америка сабыр кылбай турган учур келиши мүмкүн жана "ийгиликтүү башталган ишти" аскердик жол менен аягына чыгарышы ыктымал.Эске салсак, Иран менен АКШ 18-июнга караган түнү аралыктан өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшкан. Документ бардык фронттордо ок атышууну токтотууну, анын ичинде Израилдин Ливандагы операциясын да токтотууну камтыган. Ошондой эле анда деңиз блокадасын жоюу жана Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын калыбына келтирүү мөөнөттөрү белгиленген.