Кыргызстандын кэндо федерациясы Азия-Тынч океан федерациясына кирди


Кыргызстандын кэндо федерациясы Азия жана Тынч океан кэндо федерациясында (AOKF) расмий таануу алды. Бул таануу 30-31-майда Токиодо Tokyo Budokan аренасында өткөн Азия жана Тынч океан боюнча биринчи кэндо чемпионаты учурунда берилди. Бул чечим кыргызстандык спортчулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, аларга ар кандай чемпионаттарга, ошондой эле эл аралык семинарларга жана машыгууларга катышууга мүмкүндүк берет.