Орусия 28-июнга караган түнү Украинанын борбор калаасы Киевди баллистикалык ракеталар менен аткылады. Украин Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү Telegram каналында шаарга "баллистика" учуп баратканын эки жолу - жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:00 жана 02:30 чамасында эскерткен.Бир нече жарылуу болду. Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко эки адам жабыркаганын билдирди. Ошол эле райондо бир нече жерде өрт чыкты. Харьков, Днепр, Сумы, Запорожье, Донецк жана...