Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Манас шаарындагы "Манас" паркы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарланды. Билдирүүгө ылайык, парк мамлекеттик жеке өнөктөштүк аркылуу модернизацияланган. Тагыраагы, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ага 3 миллион доллар бөлгөн.