Кыргыз гидрометеорология кызматы 29-июндан 5-июлга чейинки аба ырайынын божомолун таратты. 29-июнда күн катуу ысыйт, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +35… +40 градуска чейин жогорулашы мүмкүн. Адистер мындай ысыкта организмди суу менен камсыздап, ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөнү эскертет. Ошондой эле өсүмдүктөрдү көбүрөөк сугаруу сунушталат.