Америкалык аскер күчтөрү Ирандын аймагындагы ар кандай объектилерге жаңы аба соккуларын жасашты. Бул тууралуу АКШнын Борбордук командованиеси (CENTCOM) X социалдык тармагында маалымдады.
Командованиенин маалыматына ылайык, сокку уруп жаткан учактар аскердик чалгындоо объектилерин, байланыш системаларын, абадан коргонуу позицияларын, учкучсуз учактар үчүн кампаларды жана деңиз минасын орнотуу жабдыктарын бутага алышты.