Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарында өкмөт башчы Адылбек Касымалиев «Манас» паркынын реконструкциясы менен таанышып, мамлекеттик-менчик өнөктөштүк алкагында жүргүзүлгөн иштерди көрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматы парктын аймагында жүргүзүлгөн маанилүү жакшыртуулар тууралуу маалымдады.



Проект алкагында парк 27 заманбап аттракцион, 9D-кинотеатр, ошондой эле балдар жана спорт аянтчалары, воркаут зоналары менен жабдылган. Мында амфитеатр, кафе жана дүкөндөр да каралган, коопсуздук үчүн видеокөзөмөл системасы орнотулган. Аймакты көрктөндүрүү иштерине жарык берүү жана ирригация системаларын жаңылоо кирет.