Узбекистанда бийлик 16 жашка чейинки балдар жана өспүрүмдөр үчүн социалдык тармактарга кирүүдө жаш чектөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат. Бул демилгени мектепке чейинки жана мектеп билим берүү министри Эъзозхон Каримова билдирген.

Министр бул маселе өлкөнүн депутаттары жана сенаторлору менен буга чейин талкууланганын белгиледи. Жакын арада коомдук талкууга коюла турган мыйзам долбоорун даярдоо пландалууда.