Ош шаарында Курманжан Датка көчөсүнүн капитальный ремонту башталды, ал шаардагы негизги транспорттук артериялардын бири болуп саналат. Учурда Аматов көчөсүнөн Токтомушев көчөсүнө чейинки участокто жаңы асфальт төшөлүүдө.
Ремонттолуп жаткан участоктун узундугу 1 километр, ал эми жолдун туурасы 24 метрди түзөт. Проектте сугат системасы жана көчөнүн эки тарабында жашыл зонага көрктөндүрүү каралган.