
Жакында 5,5 магнитудасы бар жер титирөө Сычуань провинциясындагы Ибинь шаарына караштуу Гаосянь уездинде болду. Каза болгондор тууралуу маалымат келген жок, бирок 13 адам жеңил жаракат алды, 196 адам эвакуацияланып, убактылуу жайгаштыруу пункттарына өткөрүлдү.
Жер титирөө 29-июнда Пекин убактысы боюнча 00:12де катталды. Эпицентр 28,50 градус түндүк ендигинде жана 104,69 градус чыгыш узундугунда жайгашкан, ал эми гипоцентр 6 километр тереңдикте болгон.