Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Эсеп палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн инспектору (Д.М.Ы) пара алуу фактысы боюнча кармалганын билдирди.Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө ал жердеги айрым финансылык мыйзам бузууларды жашыруу үчүн 900 миң сом алган деп шек саналууда.Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн...