




Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин делегациясы 27-июнда Стамбул, Түркияда өткөн TETZ 2026 эл аралык форумуна катышты. Иш-чарада мамлекеттик мекемелердин, эл аралык уюмдардын жана билим берүү коомчулугунун өкүлдөрү билим берүү тармагындагы санариптик трансформация маселелерин талкуулашты.
«Санарип доорунда адамдарды билим берүү: дүйнө маданияты, баалуулуктар, идентичность жана келечек» темасындагы сессияда кыргызстандык делегаттар билим берүү технологияларын жана жасалма интеллектти дүйнө маданиятын калыптандыруу, инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүү жана маданий идентичносту сактоо үчүн колдонуу маселелерин талкуулашты.