```html
Салкын Сарногоева Өзбекстанда түрк мамлекеттеринин министрлеринин жолугушуусуна катышты





Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева Өзбекстандын Андижан шаарында «Андижан – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору – 2026» долбоорунун ачылыш аземине катышты. Иш-чара ТЮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан уюштурулуп, түрк элдери арасында маданий байланыштарды бекемдөөгө жана алардын жалпы баалуулуктарын жайылтууга багытталган.

Ачылыш аземи атайын ушул окуя үчүн курулган «Сад Бабура» амфитеатрында өттү. Ага түрк тилдүү аймактардын маданият министрлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дипломаттар жана белгилүү маданият ишмерлери катышты.