Буга чейин Жогорку Кенештин спикери болуп иштеген Нурланбек Тургунбек уулу, «75-кат» боюнча иштин фигуранты, азыркы парламенттин төрагасы Марлен Маматалиев жана депутат Исманали Жороевдин айыптоолорун жалган деп атады. Журналисттардын суроолоруна жооп берип жатып, экс-спикер кесиптештеринин билдирүүлөрү чындыкка дал келбестигин баса белгиледи.

«Бул баары жомок. Андай эч нерсе болгон эмес», — деди Нурланбек Тургунбек уулу.