2026-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева Австрия Республикасынын маданий делегациясынын жетекчиси Симон Мраз менен, ошондой эле Маданий кызматташтык департаментинин атайын маданий долбоорлор боюнча комиссары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга музейдин орун басар директору, этнографтар жана эки тараптын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги маалымат берди.
Жолугушуунун алкагында катышуучулар музей тармагында кызматташууну кеңейтүү, кураторлор, сүрөтчүлөр жана адистер арасында тажрыйба алмашуу, ошондой эле Кыргызстандын Улуттук тарых музейи менен Венадагы Дүйнөлүк музей ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.