Кыргызстан жана Австрия маданият жана музей иши боюнча кызматташууну күчөтүүдө




Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева Австриянын маданий делегациясынын жетекчиси Симон Мраз менен жолугушуу өткөрдү. Бул иш-чара 28-июнда Кыргызстандын Улуттук тарых музейинде өтүп, эки тараптын өкүлдөрүн, анын ичинде музейдин орун басар директорун жана этнографтарды чогултту.