Кыргызстан жана Швейцария финансылык-экономикалык кызматташтыкты бекемдешет




Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Пьетро Лаццери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда Кыргызстан менен Швейцариянын финансылык-экономикалык өз ара аракеттенүүсү боюнча маселелер талкууланды. Жолугушуу макроэкономикалык колдоо жана мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү, ошондой эле техникалык жардам программаларына даярдык көрүү алкагында өттү.

Сүйлөшүү учурунда Эл аралык валюта фонду жана Дүйнөлүк банк тарабынан өткөрүлүүчү шайлоо округдарынын жакынкы жолугушуусуна, ошондой эле Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия үчүн Потенциалды өнүктүрүү Регионалдык борбору аркылуу кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.