30-июнда саат 9:00дөн 00:00гө чейин жашоо үйлөрүнө, билим берүү мекемелерине, бала бакчаларга, медициналык объекттерге жана башка социалдык жана өнөр жай мекемелерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Мэриянын маалыматына ылайык, суу берүү Ибраимов көчөсүндө, Чүй проспектинде, Торукула Айтматов көчөсүндө, Жибек Жолу проспектинде, ошондой эле Осмонкула, Фрунзе жана Суюмбаев көчөлөрүндө токтотулат.