29-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” боюнча соттук отурумда кылмыш ишинде жашыруун делген үч күбөнүн көрсөтмөсү окулду. Андан тышкары шектүүлөрдүн адвокаттары кошумча күбөлөрдү сотко чакыруу өтүнүчүн берип, ишти карап жаткан судья Азирет Медеров аны четке какканы белгилүү болду. Соттук жараяндар жабык өтүп жатат.Адвокат Акынбек Ногоевдин сөзүнө караганда, бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек...