Бишкекте жаңы жолдун курулушу жана Чүй каналынын жээгинде променад түзүү пландалууда, ал Усөнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин созулат, деп билдирет шаардык мэриянын маалымат кызматы.
Бул иштер борбордун жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган, бул транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берет.