Ош шаарында коомдук транспорттун ишин оптималдаштырууга арналган комиссиянын жыйыны өттү. Жыйында жаңы муниципалдык автобустун маршрутуна байланыштуу схема бекитилди, ал шакектик система боюнча иштейт.
Шаардык мэрия билдиргендей, комиссия келечекте муниципалдык автотранспорт ишканасы тарабынан тейленген бардык маршруттарды кайра карап чыгууну пландаштырууда. Маршруттук линиялардын адаптациясы жаңы шаардык жолдорду жана жүргүнчүлөрдүн агымын эске алуу менен жүргүзүлөт, бул транспорттук кызматтардын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.