ДСС: Европада ысыктыкка байланыштуу 1,3 миңден ашык адам каза болду

Европада акыркы жумада аномалдуу жогору температуралардан улам 1,3 миңден ашык эрте өлүм учурлары катталды. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус бул коркунучтуу статистиканы билдирип, температуралык стресстин ден соолукка олуттуу коркунуч туудураарын белгиледи.

Гебрейесус 21-июндан азыркы убакка чейин Европада ысыктыкка байланыштуу 1300дөн ашык эрте өлүм учурлары болгонун айтты. Ал температуралык стрессти "жашыруун өлтүргүч" катары мүнөздөп, ал ар дайым дароо көрүнбөй турганын белгиледи. Анын айтымында, Европа "эң тез жылып жаткан континент" болуп саналат, ал жерде глобалдык жылуулук темптери дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөрдөн эки эсе жогору.