Кыргызстандын Улуттук банкы финансылык рынокто контролдук иштерди жүргүзүп, натыйжада бир нече катышуучуларга айыппул салды, бир алмашуу бюросунун лицензиясын убактылуу токтотту жана микрокредиттик компаниянын каттоо күбөлүгүн кайтарып алды. Текшерүү учурунда мыйзамдардын жана нормативдик актылардын бузулуулары аныкталды. Айыппулдар Бишкектеги бир төлөм уюмуна, Ысык-Көл облусундагы микрокредит агенттигине жана Ош облусундагы эки алмашуу бюросуна тийиштүү болду.
Мындан тышкары, Бишкекте тиешелүү лицензиясыз чет өлкөлүк валюта алмаштырууну жүргүзгөн эки жаран 17 миң 500 сомдон айыппул алышты.