16-июлдан баштап Баткен - Тамчы - Баткен маршруту боюнча жаңы сезондук рейс башталат, бул Баткен облусун Ысык-Көлдүн кооз жээги менен байланыштырат. Asman Airlines авиакомпаниясы туруктуу учууларды жүргүзөт, бул тууралуу "Кыргызстандын аэропорттору" акционердик коомунан билдиришти.
Рейс ар бир бейшемби күнү күндүн биринчи жарымында пландалган, бул жүргүнчүлөргө эс алуусун ыңгайлуу уюштурууга мүмкүнчүлүк берет. Жолдо болуу убактысы болжол менен бир саатты түзөт, ал эми рейс 3-сентябрга чейин иштейт.