Ортолук Азияга 2030-жылга чейин энергетика, транспорт жана суу ресурстарына кеминде 251 миллиард доллар инвестиция тартуу керек. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын орун басары Руслан Даленоф жылдык жыйында билдирди.
Аналитиктердин баамында, көрсөтүлгөн суммадан 170 миллиард доллар энергетика секторун өнүктүрүүгө, 60 миллиард доллар транспорт инфраструктурасын жакшыртууга, 14 миллиард доллар ирригация жана суу чарба объекттерине, ал эми 7 миллиард доллар логистикага жумшалат.