
Кыргызстандын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында жашыл Кыргызстанды түзүү боюнча маанилүү демилгени жарыялады. Ал «Жашыл Мурас» программасы башталгандан бери өлкөдө 6 миллион дарак отургузулганын, ал эми 2026-жылга чейин бул көрсөткүчтү 9 миллионго жеткирүү пландалганын белгиледи.
Министрдин айтымында, учурда пландалган иштердин 80% аткарылган, бул болжол менен 6 миллион отургузулган даракты түзөт, ал эми калган бөлүгү күзүндө отургузулат.