Улуттук мобилдик оператор Beeline Кыргызстан боюнча байланыштын жакшыртылышы үчүн активдүү иш алып барууда, анткени ар дайым байланышта болуу зарылдыкка айланды. Бул айда компания Бишкек жана Чүй облусунда тармакты күчөттү, ошондой эле Ош облусунда жана Ош шаарында жаңы базалык станцияларды ишке киргизди. Ысык-Көл облусунда да камтууну кеңейтүү иштери уланууда.

Бул жаңыртуулар курорттук сезондун чокусунда, туристтер, эс алгандар жана жергиликтүү тургундар мобилдик интернетти активдүү колдонуп жаткан учурда өзгөчө маанилүү. Beeline абоненттери популярдуу туристтик жерлерде жана Ысык-Көлгө бараткан жолдо байланыштын сапатынын жакшырганын байкашууда. Туруктуу байланыш маршруттарды курууга, сүрөттөрдү жана видеолорду бөлүшүүгө, ошондой эле мессенджерлерди жана социалдык тармактарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.