Түп районунда Ысык-Көл облусунда жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ири долбоорлор активдүү ишке ашырылууда. Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлиги 2026-жылга чейин 71,7 чакырым жолго асфальт төшөө иштерин пландаштырганын жарыялады.
Атап айтканда, Талды-Суу — Арал автожолунун 10 чакырымдык бөлүгүндө асфальттоо иштери башталды. Түп — Кеген автожолунун 39 чакырымдык бөлүгүндө асфальттын экинчи катмары төшөлүүдө. Мындан тышкары, Михайловка — Николаевка — Токтоян — Сары-Тологой трассасында 15,5 чакырым асфальт төшөө пландаштырылган, анын 10,5 чакырымы уже аякталды.