Ысык-Көлдө кайырмак менен балык уулагандар төлөй турчу төлөмдү түшүрүү сунушу берилди.Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жайы комплекси департаменти токтом долбоору президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө балык уулагандар менен жолугушкандан кийин иштелип чыкканын билдирди.Ага ылайык, спорттук жана ышкыбоздук балык уулоо менен алектенгендерге көлдө чабак жана сазан балыктарын кармоо үчүн төлөмдү 1 суткага 313 сом, 2 сутка, 463 сом, 3 сутка...