
Азербайжан-Кыргызстан өнүктүрүү фонду 2022-жылдан бери иштеп келе жатат, ал өз ишинин учурунда энергетика, өнөр жай, саламаттыкты сактоо жана айыл чарба сыяктуу ар кандай тармактарда долбоорлорду ишке ашырды. Учурда фонд 120 миллион долларга жакын суммадагы 33 жаңы демилгени карап жатат жана Кыргызстан аймактарын өнүктүрүүгө таасирин кеңейтүүнү пландаштырууда. Фонддун тең төрагасы Икбал Бабаев VB.KG менен кредит берүү, ийгиликтүү долбоорлор жана артыкчылыктуу багыттар боюнча маалыматтарды бөлүштү.