Бишкекте жаңы жолдун курулушуна тоскоол болгон объектилер алынып салынды
Бишкекте мэриянын кызматкерлери жаңы жолду жана Чүй каналынын жээгиндеги променадды курууга тоскоол болгон объектилерди демонтаждашты. Жаңы жол Усенбаев жана Осмонкул көчөлөрүнөн башталып, уланат. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, иштердин жүрүшүндө 13 объект алынып салынган.

Демонтаждалган конструкциялардын арасында:
– 1 жеңил объект;
– 9 жеңил тор конструкциялары;
– 3 капитальный тосмолор.

Натыйжада 2 миң 620 квадрат метр муниципалдык жер бошотулду. Мэрия бул долбоор борбордун жол инфраструктурасын жакшыртууга, транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатууга жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.