Кыргызстанга 650 кг узбек колбасасы киргизилген жок

Ош облусундагы «Достук» чек ара ветеринардык контролдук пунктунда 650 кг колбаса продукциясын Өзбекстандан киргизүүгө тыюу салынды. Бул чечим Евразия экономикалык биримдиги тарабынан белгиленген ветеринардык-санитардык нормалардын бузулушу менен байланыштуу кабыл алынды, деп билдирет Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги.
Текшерүү учурунда инспекторлор продукциянын зарыл белгиленген маркасы жок экенин жана белгиленген талаптарга жооп бербестигин аныкташты.