21-июндан бери Европада катуу ысыкка байланыштуу 1300дөн ашуун адамдын ашыкча өлүмү катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус билдирди.Анын айтымында, учурда Европада ысык аба болжол менен 150 миллион эл жашаган аймакты каптады. Ал белгилегендей, Европадагы үйлөр, жумуш кеңселери жана мектептер мындай жогорку температурага ылайыкташтырылып курулган эмес. Ошол эле учурда аномалдуу ысык дээрлик жыл сайын кайталануучу көрүнүшкө айланды."Европа –...