Бишкектин Биринчи май районунун аймагында ушул жылдын 21-августтан 30-сентябрга чейин митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салынды. Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” берген маалыматка ылайык, 25-июнда ушул эле райондун администрациясы бул убакыт аралыгында райондун аймагында тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салуу өтүнүчүн берип, сот аны канааттандырган.Райондук сот 2022-жылы март айында эле Бишкектин Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки...