“Россия сегодня” медиатобу буга чейин Батыш үстөмдүк кылып келген аймактарда өз позициясын бекемдөө менен эл аралык деңгээлдеги катышуусун ырааттуу түрдө арттырып жатат. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Дмитрий Киселев Пакистандын Associated Press of Pakistan (APP) агенттигине курган маегинде билдирди.