29-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурумда прокурорлор судьядан шектүүлөрдү тогуз жылдан абакка кесүүнү сурады. Маалыматты “Азаттыктын” ишенимдүү булактары ырастады.Бул жолку соттук жараянда кылмыш ишинде жашыруун делген үч күбөнүн көрсөтмөсү окулган. Айыпталуучулардын бири Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов, УКМКнын мурдагы төрагасы прокурорлорду айыптоо актысын колдоодон баш тартууга чакырганын...