Кадамжай районунда жети айыл 2027-жылга чейин таза суу менен камсыз болот




Ак-Турпак айылдык аймагындагы тургундар жакын арада таза ичүүчү суу менен камсыз болушат. Бул маселе жергиликтүү калкты узак убакыттан бери тынчсыздандырып келген, эми долбоор активдүү жүзөгө ашырылууда.
Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан берилген маалыматка ылайык, долбоорлор Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргызстандагы 31 айылдын суу камсыздоосун жакшыртуу программасынын алкагында каржыланууда. Бул тизмеге Баткен облусунун 28 айылы кирет, алардын арасында Ак-Турпак айылдык аймагында жайгашкан жети айыл бар.