Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы билим берүү мекемелеринде түтүнгө каршы мамлекеттик программа алкагында жылуулук насостору орнотулууда. Бул долбоорду Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги корейдик KOICA агенттиги жана Дүйнөлүк банк менен кызматташып ишке ашырууда.

Табигый ресурстар министри Акыл Токтобаев учурда жылуулук насостору үч мектепте жана эки бала бакчада орнотулганын билдирди. Жаңы жылуулук системасынын иштеши Бишкектин Ленин районундагы № 118 орто мектепте массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө көрсөтүлдү.