Бүгүн, 29-июнда, Бишкектин Первомай райондук сотунда бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү боюнча сот процесси улантылды. Сот отуруму судья Азирет Медеровдун жетекчилиги астында жабык режимде өтүүдө.

Адвокат Икрамидин Айткуловдун маалыматына ылайык, эртең мененки отурумда Камчыбек Ташиев прокурорлорго айыптоодон баш тартууну сунуштады. Коргоо бул сунушту колдоду, бирок прокурорлор ага жооп бербеди.