Кыргызстан үчүн 30-июнга карата аба ырайынын болжолу Кыргызгидромет тарабынан берилди. Түн ичинде Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун тоолорунда жана тоо этектеринде жамгыр жана грозалар күтүлүүдө, ал эми Ош, Баткен жана Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.
Күндуз Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк бөлүгүндө, ошондой эле Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектеринде жамгыр жана грозалар болот. Ош жана Жалал-Абад облустарынын өрөөн аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.