
Жергиликтүү тургундар базар курулушундагы көптөгөн кемчиликтер тууралуу билдиришти
Балыкчыда жаңы базар курулушу аяктаганына карабастан, жергиликтүү тургундар олуттуу кемчиликтер боюнча нааразычылык билдиришти. Алар президент Садыр Жапаровго аткарылган иштердин сапатын текшерүү үчүн атайын комиссия жиберүүнү өтүнүштү.
Шаардыктар базар курулушу деталдарга көңүл бурулбай жасалганын белгилешет. «Бардыгы бул базардан нааразы. Аны мал сарайыдай эле, кандай болсо ошондой куруп коюшкан. Азырынча туалеттин курулушу аяктаган жок, намаз окуу үчүн жай жок», — дешет алар.
Мурда бул жерде жайгашкан соода түйүндөрүнүн ээлери, алардын дүкөндөрү токтотулуп, автоунаа токтотуучу жай куруу үчүн бузулганын айтып беришти, бирок сатып алуучулар жана сатуучүлөр үчүн ыңгайлуулуктарды эске алууну унутушкан.
«Бизден дүкөндөрдү көчүрүүнү сурашты. Биз макул болдук. Баарын бузушту. Анан кайрадан курулушту башташты. Ар бир павильонго 1,5-2 миллион сом инвестиция салдык. Биз жаңы базарга каршы эмеспиз, бирок бизден, мисалы, аны кантип жакшыраак кылуу керектиги боюнча сурашкан жок. Азыр ал жерде он чакты гана жай иштеп жатат, ал эми жогорку бөлүгүнө адамдар дээрлик барбайт», - деп нааразы болушат ишкерлер.
Сүрөт www