Пакистандын армиясы Ооганстан менен чектеш аймактарга жасаган аба соккуларынан ондогон адам каза болду. Исламабад бул аймактар пакистандык жоочулар чабуул уюштурган базалар катары колдонулуп жатканын жүйө кылса, Ооганстандын башында турган "Талибан" өкмөтү соккулар жай тургундарды бутага алганын айтууда."Талибан" өкмөтүнүн өкүлүнүн орун басары Хамдулла Фитрат 29-июнда X социалдык тармагында жарыялаган билдирүүсүндө Пакистандын армиясы Пактия, Пактика жана Кунар...