"Украинадагы согушка Кыргызстандын жарандарын жалдаган" деген шек менен кармалып, Бишкекте камакка алынган орусиялык Z-блогер Виктор Васильев эркиндикке чыкты. Учурда ал кыргыз бийлигинин өлкөдөн чыгаруу чечимине каршы арызданууну көздөп жатканы белгилүү болду.