Кабинет министринин орун басары Улан Маматканов БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапо менен жолугушту. Жолугушуу 29-июнда өттү, бул тууралуу Кабминдин басма сөз кызматы билдирди.
Маматканов талкуу учурунда ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, социалдык саясат, ошондой эле балдардын укуктарын коргоо боюнча долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга көңүл бурду. Ал балдардын укуктарын коргоо мамлекеттин негизги приоритеттеринин бири экенин баса белгилеп, өлкөдө үй-бүлөлөрдү колдоо, зомбулуктун алдын алуу, социалдык кызматтарды өнүктүрүү жана инклюзивдик билим берүүгө багытталган ар кандай мамлекеттик программалар жана стратегиялар ишке киргизилүүдө.